Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-август
Ысык-Көл

Балыкчыда Европадан алынган гүлдөрдүн 20 миңден ашык түрү өстүрүлөт (фото)

Turmush -  Быйыл Балыкчы шаардык жашылдандыруу ишканасы 20 миңден ашык гүлдөрдү, карлик түрүндөгү 300дөн ашык ийне жалбырактуу бак жана кошумча павловния бак-дарактарынын жаңы көчөттөрүн отургузат. Бул тууралуу аталган ишкананын башчысы Марат Тажиев билдирди.

Анын маалыматына караганда, бул төрт түр бак-дарактардын уруктары Европадан алынып келип өстүрүлгөн.

«Балыкчы шаарынын борбордук көчөсүндө капиталдык оңдоо иштери бүткөндүгүнө байланыштуу быйылкы жылдагы көрктөндүрүү иштерин өзгөчө жүргүзүү пландалууда. Мындан сырткары, Балыкчы шаары аркылуу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына келген коноктор өтөт. Конокторго шаар жакшы таасир калтырышы керек. Эң башкы максатыбыз жайында келе турган эс алуучуларга жана конокторго жакшы таасир калтыруу болуп жатат. Жашылдандыруу иштери борбордук Абдырахманов көчөсүндө жүргүзүлөт. Көчөгө Европадан келген карлик түрүндөгү тез өсүүчү бак-дарактар отургузулат. Мындай бак-дарактар бизде жокко эсе. Ошондой эле, Европадан келген туянын жана павловниянын түрлөрүн отургузабыз», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1110
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×