Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-февраль
Ысык-Көл

Фото - Балыкчыда конокко бараткан жаштардын унаасы оодарылып кетип, 1 жигит каза болду

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарындагы жол кырсыктан 1 адам каза болду.

Turmush басылмасынын кабарчысына өздүк булактар маалымдагандай, жол кырсык 1-январь күнү саат 14:30дар чамасында Балыкчы—Бөкөнбаева—Каракол унаа жолунун экинчи чакырымында катталган. Анда «Форд Мондео» үлгүсүндөгү (мамлекеттик номуру 09KG 497 AAS) унаасынын айдоочусу бурулуштан рулду башкара албай, унаа оодарылып кеткен. Кырсыктын кесепетинен 1 адам каза болуп, 3 адам жабыркаган.

Унаада 4 адам болгон. Алар:

- 1995-жылы туулган О.Аскарбек, Балыкчы шаарынын тургуну, унаанын айдоочусу;

- 1993-жылы туулган Ж.Алмаз, Балыкчы шаарынын тургуну, жүргүнчү;

- 1995-жылы туулган Т.у.Сейтказы, Балыкчы шаарынын тургуну;

- 1995-жылы туулган А.к.Айгүл, Чүй облусу Москва районунун тургуну.

Маалым болгондой, унаадагы адамдар Тоң районунун Ак-Өлөң айылына конокко баратышкан. Кырсыктын кесепетинен Т.у.Сейтказы оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилип, эсине келбей, каза болгон. Калган жүргүнчүлөр жеңил жаракат алышкан. Учурда бул иш боюнча тергөө иштери жүрүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4809
Комментарии
Обсуждения закрыты
Нет аватара
kuma_1702
23:46, 02 января 2018
Урматтуу кыргыз элим, урматтуу мекендештерим машина айдаганда акырын эле айдагылачы акыркы учурда ото коп кырсык болуп жатат
Көп окулду
×