Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-август
Ысык-Көл

«Тагдыр»: Түймөчү Ш.Сыргакова эмгектерин сатып, шал оорусу менен жабыркаган уулунун дарылануусуна акча топтоодо (фото)

Turmush -  Ысык-Көл облусуна караштуу Балыкчы шаарынын 29 жаштагы тургуну Ширин Сыргакова учурда кол өнөрчүлүк менен алектенип, шал оорусу менен жабыркаган баласынын дарылануусу үчүн каражат топтоодо. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Ширин Сыргакованын айтымында, ортончу уулу — 5 жаштагы Умар шал оорусу менен төрөлгөн.

«3 баланын энесимин. Улуу кызым 1-класста окуйт, кичүүсү 2 жашта. Ортончусу — 5 жаштагы уулум Умар төрөлгөндөн эле шал оорусу менен жабыркап келет. Бул диагноз 1 жаш 3 айында коюлган. Ага чейин бир дагы диагноз коюлбай, ооруканаларда дарыланып жүрдүк. Балам чоңойгон сайын ден соолугу да начарлап жатат. Аны мен-мен деген дарыгерлерге барып көрсөттүм. Бирок эч кандай жыйынтык чыкпай келет. Умардын айыгып кетүүсү үчүн бардык күчүбүздү жумшап келебиз. Алты ай сайын ооруканага жатып, дарыланып жана жума сайын укалоо жасатып турабыз. Бир айлык дары-дармегине 15 миң сомдон 20 миң сомго жакын каражат кетет», - деди ал.

Баласынын айыгып кетүүсүнөн үмүтүн үзбөгөн эне уулун чет өлкөгө алып барып, дарылатууну көздөп жатат.

«Азыркыга чейин баламдын айыгышын, башка балдардай ойноп жана күлүп, бекем ден соолукта болушун кыялданам жана үмүтүмдү үзбөйм. Эненин балага болгон мээрими, тилеги чоң.

Ооруканада балам менен көп жатам. Бош жатпай түйүлгөн кийим-кечелерге буйрутма алып, каражат тапканга аракет кылам. Башында кол өнөрчүлүккө маани берчү эмесмин. Баламдын оорусунан улам бул ишти үйрөндүм. Ар кандай түрдүү жиптерден сумка, топу, байпак жана башкаларды түйүп сатам жана буйрутма менен жасап берем. Туугандарымды эле карап отурбастан жолдошум экөөбүз тең баламдын дарылануусуна каражат топтоо үчүн жан үрөп аракетибизди кылуудабыз. Умарды чет өлкөгө алып барып дарылатууну кыялданып, аны аткарууга болгон аракеттерибизди жумшап жаткан чагыбыз.

Башка ооруп жаткан балдар да айыгып, ата-энесинин маңдайында күлүп жайнап жүрүүсүн каалайм. Албетте бардык эле эне баласынын кыйналганын каалабайт. Уулум Умар учурда өтө кыйналууда. Аны көрүп, тынч дагы уктай албайм. Жолдошум таксист», - деди ал.

Умардын ден соолугуна кайдыгер карабаган жарандар Ширин Сыргакова менен 0555 02 82 62 номуру аркылуу байланышса болот. ЭЛСОМ электрондук капчык аркылуу аталган номурга каражат которууга да мүмкүн.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2524
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×