Бөлүмдөр
Ишемби, 17-ноябрь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 27.12.2017 22:15

2018-жылы Ташкент—Балыкчы темир жол каттамы ачылат

Turmush -  2018-жылдын жай мезгилинде Ташкент–Балыкчы темир жол каттамы ачылат. Бул тууралуу бүгүн, 27-декабрда «Кыргыз темир жолу» ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, аталган поезд Өзбекстандын темир жолунун курамы менен жумасына бир жолу каттайт.

Поезддин иштөө тартиби:

- 2018-жылдын 16-июнунан тартып 25-августуна чейин Ташкент шаарынан ишемби күндөрү чыгат. 17-июндан баштап 26-августка чейин «Рыбачы» бекетине жекшемби күндөрү келет;

- 2018-жылдын 18-июнунан тартып 27-августуна чейин Балыкчыдан дүйшөмбү күндөрү чыгат. 19-июндан баштап 28-августка чейин шейшемби күндөрү Ташкент шаарына келет;

Билеттер 2018-жылдын май айынан баштап сатыкка чыгат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×