Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-август
Ысык-Көл

Балыкчыда рейд учурунда жол сакчыларына баш ийбеген айдоочуларга чара көрүлдү (фото)

Turmush -  Балыкчы шаарында «Авто-розыск Костоправ» аттуу рейд өткөрүлүп, жол кыймылынын коопсуздугун сактабаган айдоочулар айыпка тартылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Рейддин жүрүшүндө жол чырак кызыл түстө күйүп турганда жолдон өтүп кеткен унаанын айдоочусу кармалып, түшүндүрүү иштеринин жүрүшүндө ал жол сакчылары менен кайым айтышууга чейин барды. Жол кыймылынын коопсуздугу сактоочу нускоочулар рейд пландык негизде өткөрүлүп жатканын айтышты.

Балыкчы шаардык жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн ага нускоочусу Марсбек Асаналиевдин айтымында, ушул жылдын 11 айында 32 жол кырсыгы катталып, 39 адам ар кандай жаракат алып, 6 адам каза тапкан.

«Жол кыймылынын коопсуздугун сактабай, эреже бузган 575 айдоочуга административдик протокол толтурулган. Ал эми эрежени одоно бузган 26 айдоочу айдоочулук укугунан ажыратылды. Бул жолку рейд учурунда эреже бузуп, жол сакчыларына баш ийбеген айдоочуларга чара көрүлдү», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1132
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×