Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-февраль
Ысык-Көл

Фото - Балыкчылык Земфира «Адеп — адамдын көркү» республикалык сынакта 1-орунду алды

Turmush -  Балыкчы шаарынын 17 жаштагы тургуну Бусурманкулова Земфира Ыйман, адеп жана маданият жылына карата «Адеп — адамдын көркү» деген темада өткөн дилбаян жазуу сынагында 1-орунга ээ болду.

Өзүнүн айтымында, бул сынакты Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия өткөрдү.

«Бул сынак бүтүрүүчүлөр арасында өткөрүлдү. Биздин класстан 3 окуучунун дилбаяны мыкты деп табылып, Бишкекке жөнөтүлгөн. Алардын ичинен менин дил баяным мыкты деп табылыптыр.

Республикалык деңгээлде өткөн сынакта 438 дилбаяндын ичинен 30у мыкты деп табылды. Ушул жылдын 6-декабрында мыкты деп табылган 30 дилбаяндын ээсине Улуттук китепканада «Мен үлгү туткан адам» деген темага эссе жаздырылган. Республика боюнча облустардан 22 окуучу катышып, Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынан мен 1-орунга ээ болдум», - деди Земфира.

Ал аталган сынакта жеңүүчү аталгандыгы үчүн 23 миң сом жана китептер менен сыйланганын белгиледи.

«Мен Ленин атындагы №4 гимназия-мектебинде 11-класста окуйм. Кыргыз тил, орус тил, адабият сабактарына көбүрөк басым жасайм. Учурда жалпы республикалык тестирлөөгө даярданып жатам. Бош болуп калганда романдарды жана чыгармаларды окуйм. Мындан тышкары, поэзияга жакын болгондуктан өзүм ыр чыгарам. Ошондой эле, ар кандай сынактарга катышып келем. Нарында окуп жүргөндө 8-класста «Жаш таланттар» сынагында 2-орунга ээ болгом. Ошондой эле, волейбол командасынын мүчөсү болчумун, көптөгөн мелдештерге катышып, алдыңкы орундарга ээ болгонбуз. Келечекке койгон көп максаттарым бар. Жогорку окуу жайга тапшырып, жакшы жумушта иштегим келет. Эң башкы максатым — шаарларды кыдыруу», - дейт окуучу.

Ал эки бир туугандын улуусу.

Улуу жазуучубуз Чынгыз Айтматовго арналат

Чынгыз десе кыргыз аты угулганы,
Чыдай албай мүңгүрөдү калкың дагы.
Чымындай жанын сенин учкан кезде,
Чыдабай калкыңдын тамды жашы.

Оо ажал, улук белең, күчтүү белең,
Ушинтип алп Чыңгызды алаар белең.
Ушундай асылдардын асылдарга,
Арчадай өмүр берип койбос белең,
Сен кетсең да жашай берет элестериң.

Сен кетсең да, жашай берет калемдериң.
Окушса чыгармаңды, повестиңди,
Ойго батып уктай албайт аалам эли.
Чыңгыздай өзгөчө жан жаралабы,
Чыкпай же кыргыз эли кыйналабы.

Жаратканым берсе бизге Чыңгыздай жан.
Кыргызымдын жан дүйнөсү тазарабы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 854
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×