Бөлүмдөр
Ишемби, 17-ноябрь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 15.12.2017 10:39

Жаш талант: Балыкчылык Мээримкүл окуудан кийин чачтарач болуп иштеп, киреше табат (фото)

Turmush -  Балыкчы шаарынын 15 жаштагы тургуну Мээримкүл Кадыралиева окуудан кийин чачтарач болуп иштеп, киреше табат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал чач кыркууну апасынан үйрөнгөн.

«Мен Л.Толстой атындагы мектепте 9-класста окуйм. Апам лицейде чачтарачтын мугалими катары окуучуларга сабак берет. Мен 13 жашымдан баштап чач кыркууга кызыга баштагам. Башында инилеримдин чачын кыркып жүрүп үйрөндүм. Апамдын чачтарач бөлмөсү бар, мен сабактан кийин ал жерге барып, чач кыркып акча табам. Эркек балдардын чачын кыркам, ал эми аялдардын чачын кечелерге жасалгалап берем. Кичинекей балдардыкын 40 сомго, чоңдордукун 60 сомго кыркам. Мектепте алгебра, информатика, биология жана кыргыз тил сабактары жагат. Ошондой эле, сүрөт тартканды аябай жакшы көрөм», - деди ал.

Мээримкүл чач кырккан учурда көп кызыктуу окуялар болорун белгиледи.

«Мен чач кыркканды жаңы үйрөнүп баштаганда байкемдер келип чач алып берүүнү өүнүштү. Мен жаңы эле үйрөнүп жатканымды айтып баш тартсам, алар тойго бара жатышканын жана убактылары аз экендигин айтып, чачын тегиздеп берүүнү суранышты. Чачын кыркып берсем байкемдин өзүнө жакпай калды окшойт, аягында "таз кылып эле алып салчы" деди. Анын чачын толугу менен кыркып салдым. Тойго таз бойдон барганы эсимде. Азыр андай учурлар болбойт, чач кыркканды жакшы үйрөнүп калдым. Келечекте дизайнер, визажист жана модельер болууну максат кылдым», - деди ал.

Ал үч бир туугандын улуусу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×