Бөлүмдөр
Ишемби, 17-ноябрь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 14.12.2017 20:09

Балыкчыда жолдун асфальтын жаңылоо иши аяктады

Turmush -  Балыкчы шаарынын мэриясы 2017-жылдын башынан бери борбордук аянтты — административдик имараттын аянтын жакшыртуу жана калыбына келтирүү иштерин жүргүзүп жатат.

Маалым болгондой, биринчи этапта жыл башында аянттын жашыл аймагын жаңылоо максатында карагайлар башка жерге которулуп, алардын ордуна жаш карагайлар тигилди. Экинчи этап жолдогу эски асфальт катмарын алып, анын ордуна жаңысын төшөө менен башталды. 12-декабрда жол оңдоо кызматкерлери жаңы асфальт төшөө иштерин жыйынтыкташты. Бул иштерди аткарууга республикалык жана шаардык бюджеттен каражат бөлүнгөн.

Калыбына келтирүүнүн кийинки этаптарында аткарыла турган иштер:

- музыка коштогон 2 оргуманы ишке берүү;

- мэриянын имаратынын маңдайын оңдоо жана жаңылоо;

- аянтты жарыктандыруу менен жасалгалоо иштеринин комплекси, жаңы өсүмдүктөрдү отургузуу, отургучтарды орнотуу жана wi-fi зона түзүү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×