Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-август
Ысык-Көл

Айыл турмушу: Эл аралык даражадагы калыс Э.Тойгомбаев жаш самбочуларды машыктырууда (фото)

Turmush -  Балыкчы шаарынын 30 жаштагы тургуну Эмиль Тойгомбаев самбо боюнча машыктыруучу болуп эмгектенет. Аймактык кабарчы андан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, ал 10 жашынан бери самбо менен машыгып келген.

«Менин байкелерим машыккандыктан «аганы көрүп ини өсөт» дегендей, мен алардан үлгү алып, машыга баштадым. Өзүм көптөгөн ийгиликке жеттим. Казакстанда өткөн Азия чемпионатында 3-орунду ээлеп, Германиянын Гамбург шаарындагы Европа кубогунда 2-орунду багындыргам. Спортту таштай албай тургандыгымды сезип, өзүмдөн да күчтүү жигиттерди калтырайын деп машыктыруучу болуп иштеп жатам. Күрөшкө чыкпасам дагы эл аралык калыстар тобунун мүчөсү болдум. Эл аралык даражадагы калыс болуш үчүн Москва шаарында самбо боюнча билим алып келгем. Жыл сайын барып сынак тапшырып турам. Ошондой эле, жыл сайын калыстардын катышуусунда семинар болуп турат, ошондо биз дүйнө же Азия чемпионатына жолдомо алабыз. Ал эми Кыргызстандын ичинен самбо боюнча кандай мелдеш өтпөсүн мен калыс болом. Машыктыруучу болуп эмгектенгениме 8 жыл болду», - деди Э.Тойгомбаев.

Анын айтымында, ал машыктырган спортчулар көптөгөн ийгиликтерге жетишүүдө.

«Азыр кол алдымда 40тан ашык бала бар, жалпысынан 100дөн ашык баланы күрөшкө машыктырдым. Балыкчылык Азамат Шамшидинов 2016-жылы Кореяда өткөн дүйнөлүк мушташ оюндарында 1-орунду алып келген. Мындан сырткары, башка балдарым дагы ийгиликтерди жаратууда, алардын ийгилиги мен үчүн чоң жетишкендик. Келечекте көптөгөн чемпиондорду өстүрүүгө салымымды кошкум келет», - деди машыктыруучу.

Э.Тойгомбаев эки уулдун атасы.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1694
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×