Бөлүмдөр
Ишемби, 17-ноябрь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 29.11.2017 13:45 Жаңыланды: 29.11.2017 18:29

«Мекендештер»: 26 жаштагы Билал Москванын «Лужники» футбол клубунда ойногон жалгыз кыргыз (фото)

Turmush -  «Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы —Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын 26 жаштагы тургуну Билал Алтымышов. Учурда ал Москва шаарында иштейт жана «Лужники» футбол клубунда ойнойт.

Анын айтымында, ал «Эң мыкты дарбазачы» наамынын ээси.

«Мектепте окуп жүргөндөн бери футбол ойнойм. Мелдештерге 2010-жылдан бери катышып келем. Өзүм Балыкчы шаарынын курама командасында ойногонума быйыл 10 жылдын жүзү болот. Ысык-Көл облусунда акыркы 3 жылдан бери алдыңкы дарбазачы болуп келем. Балыкчы шаарында «Эң мыкты дарбазачы» наамына ээ болгом. Ошто өткөн турнирде дагы «Эң мыкты дарбазачы» наамын алгам. Эл аралык турнирлерге дагы катышып турам. Өзүм Москвада болсом дагы мекенимде өткөн футбол боюнча турнирлерге калбай катышам. Балыкчы шаарынын курама командасында 15 бала ойнойбуз», - деди ал.

Ал учурда Москва шаарынын «Лужники» футбол клубунун командасында ойнойт.

«Мен Москва шаарына жаңы келгенде өзүмдүн иним футбол ойноого ээрчитип барды. Ал учурда кыргыз-орустар болуп футбол ойночубуз. Мени дагы кошуп алышып, башында кыргыздардын командасында ойноп жүрдүм. Кийин мага: «Сен кыйын ойнойт экенсиң, биздин командага кошулбайсыңбы», - деп орустар сунушташты. Ошентип алардын командасына кошулуп ойноп жүрдүм. Кийин команданын машыктыруучусу мени өз тобуна кабыл алды. Азыр Москванын «Лужники» клубунда ойноп жатам. Башында жаман көргөн оюнчулар болду, жакшы натыйжа көрсөтө баштагандан кийин жакшы мамиле кыла башташты. Командада 16 жаштан 30 жашка чейинки 23 бала ойнойбуз. Көбү орус улутундагылар, арасында кавказдар жана өзбектер бар. Мен кыргыз экенимди билишкенде алар Ысык-Көл тууралуу сурап, эс алып кетишкенин айтышты. Биздин көлүбүздүн кооздугуна аябай суктанышат», - дейт футболчу.

Ал келекчекте спорт аркылуу Кыргызстандын атын чет өлкөлөргө таанытсам деп тилек кылат.

«Бул жакта жогорку командаларда ойноо үчүн атайын тандашат, оюнубузду карап турушат. Жакында өткөн турнирде 3-орунду багындырдык. Бул жакта дагы дарбазачымын. Форма жана башка керектүү буюмдарды өздөрү камсыз кылышат. Футболдон тышкары эркин күрөш менен машыгам. Өзүм шаардагы дүкөндөрдүн биринде иштеп, бош убактымда кыргызстандык досторум менен жолугам. Келечекте Кыргызстандын атын дүйнөгө таанытсам дейм», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×