Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-август
Ысык-Көл

Балыкчыда майыптар үчүн окуу борбору ачылды (фото)

Turmush -  Бүгүн, 27-ноябрда Балыкчы шаарында мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн окуу борбору ачылды, деп билдирет Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы.

Борбордо мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга компьютердик билим полиграфиялык ыкма менен окутуп үйрөтүлөт. Долбоор 6 айга эсептелген, 3 этап менен 2 ай аралыгында 15 бала акысыз билим алышат. Аягында мыкты окуган эки бала тандалып, алар кийинки 2 этаптын балдарына сабак өтүшөт жана типографияны иштетишет.

Долбоорду ишке ашырган «Ынсап элим» коомдук фонду 2014-жылы түзүлгөн. Уюм мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга, жетим-жесирлерге, жашоо-шарты оор абалдагыларга жардам берүү жана аларга жумуш орундарын түзүү максатын көздөйт. Бул борборду ачууга долбоор аркылуу жалпы 2 миң евро жумшалып, мэрия тарабынан имарат бөлүнгөн.

Балыкчы шаарында мүмкүнчүлүгү чектелген 800дөн ашык адам бар.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1450
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×