Бөлүмдөр
Ишемби, 17-ноябрь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 24.11.2017 23:55

Эл ичи — өнөр кенчи: Балыкчылык ырчы Ү.Абдышова Түркиядагы сынакта ийгилик жаратты (фото)

Turmush -  Балыкчы шаарынын 26 жаштагы тургуну Үмүтай Абдышова Түркиядагы сынакта комуз чертип ырдап, байгелүү орунду ээлеп келди. Аймактык кабарчы ырчы менен таанышты

Өзүнүн айтымында, 14 жашынан бери комуз чертет. Таенеси жамакчы киши болгон.

«7-классыма чейин Тоң районунда таята, таенемдин колунда чоңойдум. Кийин Балыкчы шаарына апамдын колуна келип, ошол жактан мектепти аяктагам. Комузду Балыкчы шаардык балдар музыкалык мектебинде Жунушалиев Максүт агайдан окуп үйрөнгөм. Алгачкы күүлөрүмдү апам жетелеп жүрүп үйрөткөн. Комуз ойноп калышыма апам менен таенем түрткү болушту. 13 жылдан бери күү чертип, чет өлкөлөргө барып ийгиликтерди жаратып жүрөм. Жалпы 60 күү чертем, басымдуу бөлүгүн обондуу ырлар ээлейт. Жакында Түркияда өткөн эл аралык «Түрк дүйнөсү музыка» сынагынан байгелүү орунду алып келдим. Мындан сырткары чет өлкөгө атайын чакырууларга барып турам», - деди ал.

Ырчы үй-бүлөдө 4 бир тууган. Учурда 4 жаштагы баланын апасы.

Үмүтай Абдышова «Кызыл гүл болуп жайнайсың»

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×