Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 28-май
Ысык-Көл

Балыкчыда 160 жаш спортчу грек-рим күрөшү боюнча мелдеште күч сынашты (фото)

Turmush -  Балыкчы шаарында жол кырсыктардан улам көз жумган жаш өспүрүмдөрдүн жаркын элесине арналган грек-рим күрөшү боюнча мелдеш өттү, деп билдирди Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы.

Турнирдин максаты Балыкчы шаарында грек-рим күрөшүн өркүндөтүү, жаштарды сергек жашоо образына жана дене тарбияга үндөө болуп саналат. «Биз баңгизатка каршыбыз» аталышындагы демилге менен өткөн мелдешке жалпы 160 өспүрүм катышты.

Мелдеш Балыкчы шаарынын А.Бектуров атындагы спорт комплексинде өткөрүлүп, анда 2006-2009-жылдары туулган жаш спортчулар күч сынашты. Мелдешти Балыкчы шаардык дене тарбия жана спорт бөлүмү, шаардык балдар жана жаш өспүрүмдөр спорт мектеби уюштурду.

Иш-чарага Бишкек шаарынан бир, Саруу айылынан эки, Исык-Көл районунан эки команда, Балыкчы шаарынан бир команда катышты.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1435
Көп окулду
×