Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 28-май
Ысык-Көл

Балыкчынын мэриясы В.Лениндин эстелигин көчүрүүнүн себептерин түшүндүрдү (фото)

Turmush -  Балыкчы шаардык мэриясынын алдындагы Лениндин эстелигин башка жерге көчүрүү эч кандай идеологиялык негизди камтыбайт. Бул тууралуу Балыкчы шаарынын мэриясынан билдиришти. Мэрия аталган суроону коммунисттик идеологиядан баш тартууга багытталган акция катары кабыл албоого чакырды.

«Бул Кыргызстандын тарыхында Лениндин ролун ашыра баалоо катары каралбашы керек. Абалды объективдүү кабыл алуу, коомчулукта шаардын администрациясынын советтик мезгилдеги тарыхка каршылыгы тууралуу ой-пикирдин калыптануусуна жол бербөө максатында эстеликти көчүрүү демилгесинин контекстине көңүл буруу маанилүү деп эсептейбиз. 2017-жылдын башынан бери мэрия тарабынан шаардын борбордук аянты — мэриянын административдик имараты жайгашкан аянтты жакшыртуу жана калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Биринчи баскычта аянттын жашыл аймагын жаңылоо максатында эски карагайлар шаардын башка бөлүктөрүнө которулуп, ал жерге жаш карагайлар отургузулган», - деп айтылат маалыматта.

Кийинки басыкычта аткарыла турган иштер: - жолдогу эски асфальттык каттамды алмаштыруу жана жаңы асфальт төшөө;

- жарыктандырылган жана музыка коштогон эки оргуманы ишке берүү;

- мэриянын имаратынын маңдайын жаңылоо жана оңдоо;

- аянтты жарыктандыруу аркылуу жасалгалоо боюнча иштердин комплексин аткаруу, жаңы өсүмдүктөрдү отургузуу, отургучтарды орнотуу жана wi-fi зона түзүү.

Учурда жолдогу асфальттык каттамды алмаштыруу иштери башталды. Ошондой эле, жакынкы мезгилде жаңы асфальт төшөө иштери аткарылат. Ал эми, оргумаларды иштетүү 2018-жылдын жай мезгилине пландалган жана анын ачылышы Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүндө болот. Мындай оргумалар Ысык-Көл облусу боюнча алгачкылардан болушу күтүлүүдө. Алардын курулушуна каражат табылып, тендер жарыялоо боюнча иштер жүрүп жатат. Аянттын жаңы архитектуралык долбоору иштелип чыкты.

«Борбордук аянт чоң иш-чараларды өткөрүүчү жер болгондуктан эстеликти башка жерге көчүрүү каралган. Жакынкы мезгилдерде өткөрүлгөн майрамдык иш-чараларда аянт чоң болгонуна карабастан борбордогу эстелик сахнаны курууда тоскоолдук жаратты. Ушуга байланыштуу жана аянтты жаңылоо максатында эстеликти башка жерге көчүрүү тууралуу тургундардын пикирин билүүнү демилгелөө чечими кабыл алынган», - деп билдиришти мэриядан.

Мэриянын маалыматына караганда, күн тартибинде эстеликти бузуу эмес башка жерге көчүрүү маселеси гана каралган. «Эгер тургундар эстеликти башка жерге көчүрүү демилгесин колдобосо, анда эстелик ордунда калтырылмак. Тактап айтканда, мэрия аталган маселеде шаар тургундарынын ой-пикирине таянып иш жасады. Ошондуктан, мэрияны өзүм билемдик боюнча жемелөөгө негиз жок. Эстеликти башка жерге көчүрүү боюнча коомдук талкуу 9-октябрда болгон. Шаардык гезиттин бетине коомдук угуу өтө турчу дата 25-сентябрда жарыяланган.

Активисттердин шаар активдери коомдук угуу тууралуу билген эмес жана мэр эстеликти көчүрүү боюнча жасалма документ берген деген билдирүүсү чындыкка дал келбейт. Мындай билдирүүлөр коомдук угууга келген шаардын активдеринин пикирине шек жаратат», - деп айтылат маалыматта.

Коомдук угуунун жыйынтыгы боюнча, аянтты калыбына келтирүү иштеринин планын угуп, шаардын активи эстеликти көчүрүүгө макулдугун берген. Анын жүрүшүндө айкел көчүрүлө турган жер талкууланган. Шаардын активинин сунушу менен эстеликти «Ысык-Көл» кинотеатрынын жанындагы гүлбакчага көчүрүү чечими бир добуштан кабыл алынган болчу. Мэриянын маалыматына караганда, шаарда көп жылдардан бери жашаган тургундар дал ушул аймакта мурун административдик имарат жана Ленин, Сталиндин эстеликтери жайгашканын билдиришкен.

Эстелик борбордук көчөдө калат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1140
Көп окулду
×