Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-август
Ысык-Көл

Видео, фото - А.Атамбаевдин сүрөтүн мык, жип менен тарткан А.Жаналиев аны президентке белек кылат

Turmush -  Кыргызстандык сүрөтчү Азамат Жаналиев президент Алмазбек Атамбаев дин сүрөтүн жип жана мык менен тартып, аны белек кылуу алдында өлкө башчыга кайрылуу жасады. Ал кайрылуусун социалдык тармактагы өзүнүн баракчасына жайгаштырды.

Ал кайрылуусунда Алмазбек Атамбаевдин эмгектери тарыхта калаарын, президент менен жолугушуу ниети бар экенин айткан.

«Улуу кыргыз изи» деген долбоорумдун негизинде байрагымды бийик көтөрүп, калпагымды баса кийип, ар өлкөдө, жөө, шайтан араба, авто-стоп менен саякаттап кыдырып келе жатам. Менин жасаган иштерим президенттердин резиденцияларында же дүйнөлүк рейтингде алдыңкы орундарда турган музейлердин төрүндө татыктуу орундарды алып, «эксклюзив» деп баамдалып келе жатат. 2017-жылга менин бир гана аткарыла элек ишим калды. Бул Улуттар аралык достуктун, ички биримдиктин жана мекенге болгон сүйүүнүн символу болгон коллекциямдагы кезектеги эксклюзивдүү, эң чоң «UKI-018 ATAMBAEV» деген сүрөтүмдү, кыргыз элинин президентинин өз колуна тапшыруу. Бул мен үчүн тарыхый учур жана алдыга шыктандырган эң чоң иш болот. Себеби алдыда дагы 100дөн ашуун мамлекеттерди кыдырып, 350дөн ашуун улуу инсандардын эксклюзивдүү сүрөттөрүн тартып келсем, бул менин гана эмес, кыргыз элимдин атын дүйнөгө таанытат деп ишенем. Ал эми сиздин бүгүнкү колдооңуз эртеңки улуу тарыхтын башаты болуп калаарына көзүм жетет. Урматтуу президент Алмазбек Шаршенович, сизге жолугуу үчүн мен көптөгөн жол басып, татыктуу болууга даярдандым», - деп жазган ал өз кайрылуусунда.

Ал президенттин сүрөтүн тартып жатканы боюнча атайын видео ролик да даярдаган. Мындан тышкары, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеевдин сүрөтүн да тарткан.

Буга чейин кыргызстандык саякатчы Азамат Жаналиев Моңголиянын президенти Халтмаагийн Баттулга менен жолугушуп, ага мык жана жип менен тартылган портретин белек кылган.

Өзүнүн айтымында, моңгол президенти аны жакшы кабыл алып, колодон жасалган жоокер сувенирди жана Моңголиянын рекорддор боюнча китебин белек кылды. Ага кошо кыргыз элине салам жолдоп узаткан.

Ысык-Көл облусунун 29 жаштагы тургуну, өзгөчө таланттуу Азамат Жаналиев дүйнө кыдырып, сүрөт тартуудан түшкөн каражатка жетим балдарга жардам берүүнү максат кылат. «Улуу кыргыз изи» долбоору менен дүйнөнү кыдырып жүргөн мекендешибиз менен Turmush басылмасынын кабарчысы маектешкен (толугу менен).

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Тема боюнча:

21.07.2015«Uluu Kyrgyz izi» долбоорунун автору Азамат Жаналиев 59 күндө өлкөнүн 7 облусун кыдырып чыкты
22.07.2015«Улуу кыргыз изи» — Кыргызстандагы жалгыз уникалдуу долбоор, - автору А.Жаналиев
30.11.2015Кыргызстанды 62 күндө шайтан араба менен кыдырган А.Жаналиевдин китеби чыкты (фото)
27.04.2017Мекендештер: Араб шейхтеринин, президенттердин сүрөтүн мык жана жип менен тарткан А.Жаналиев дүйнөнү кыдырууда (фото)
10.08.2017Фото - Кыргыз сүрөтчүсү моңгол президентине жолугуп, портретин белек кылды
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 8075
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×