Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Ысык-Көл

Бала тили — бал: Шадиктен шүйгөнүм атын айтпай койду, - 4 жаштагы Наби

Turmush -  Кичинекей балакайлардын айлана-чөйрөгө көз караштары кандай? Алар сүйүүнү, жаман-жакшыны, таарыныч-сагынууну кандай түшүнөт? Ата-энелер жашоо-тиричилик менен жүрүп, балдарынын ой-жүгүртүүлөрүнө көп маани бербей калышы мүмкүн. Бул жолку каарманыбыз ата-энеси менен Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында жашаган 4 жаштагы Наби Жумабеков.

- Наби, канча жаштасың?

- Төйт.

- Каякта жашайсың?

- Этаста (этажда).

- Чоңойгондо ким болосуң?

- Папа болом, хан болом.

- Кайсы тамактар жагат?

- Каса, манту, картоска.

- Сен кимди сүйөсүң?

- Мамамды, анан Масаны. Шадикте бир шүйгөнүм бар да.

- Сүйүү деген эмне?

- Шүйүү деген шүйөшүң да. Мен шадиктен кызга барып, «мен Набимин» десем атын айтпай койду. Мен ошону шүйөм.

- Бакчадан келгенден кийин эмне кыласың?

- Шок ичем, тамак жейм. Муха менен ойнойм. Анан апам уручуп уктатат.

- Сен бейбашсыңбы?

- Жоок, Муха бейбаштык кылат.

- Акча деген эмне?

- Акчаны жейт. Магашинге барат кичинекейлер курт, шагыш, шок алат. Жайында марочи (балмуздак) жегенге болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 805
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×