Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Ысык-Көл

Айыл турмушу: Балыкчылык А.Акматов эти жана жумурткасы даамдуу брама тоокторун багып сатат (фото)

Turmush -  Балыкчы шаарынын 30 жаштагы тургуну Алынбек Акматов брама породасындагы тоокторду багууда. А.Акматов брама породасындагы тооктордун эти жана жумурткасы даамдуу болорун аймактык кабарчыга айтып берди.

«Мен былтыр тоок саткан базардан брама тоокторун көрүп, кызыгып калгам. Кийин жумурткасын 100 сомдон сатып алып, тоокко бастырганбыз. Жемин өзүбүз жасап беребиз, азыр жөжөлөрдүн санын көбөйтүп жатабыз. Булардын эти жана жумурткасы абдан даамдуу болот. Көпчүлүк адамдар сатып алып жатышат. Буларга убагында жемин, суусун берип туруу керек. Брама тооктору өтө кооз жана ар кандай түстө болот. Тоокторумду көбөйтүүгө аракет кылып жатам. Азыр көп эле адамдар ушундай тооктордун этин алууга умтулушат. Брама породасындагы тооктордун жөжөлөрүн 150-200 сомдон сатып, киреше табам», - деди ал.

А.Акматов үй-бүлөлүү, эки баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 802
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×