Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Ысык-Көл

Балыкчыда таштандыны кайра иштетүүчү цех курулат

Turmush -  Балыкчы шаарында таштандыны кайра иштетүүчү цех куруу иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу «Тазалык» ишканасынын жетекчиси Карыпбек Борбашев билдирди.

Анын айтымында, шаар аймагында 22,5 гектар жерде таштанды талаа бар. Анын 14,5 гектары учурда колдонулуп жатат.

«Таштандыны кайра иштетүүчү цехти курууга 10 миң доллар керек. Аны долбоорлор аркылуу куруу пландалууда. Жакынкы 2 айылды кошкондо күнүнө шаардан 80 тонна таштанды чыгат. Кайра иштетүүчү цех курсак, жакынкы 5 айылдын таштандыларын да тазалап турабыз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 582
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×