Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Ысык-Көл

Балыкчылык жаш мушкер Б.Мурасбеков эл аралык мелдештерден коло жана күмүш медаль тагынды

Turmush -  Балыкчы шаарынын тургуну, жаш мушкер Бекбол Мурасбеков быйыл эл аралык мелдештерге катышып, коло жана күмүш медаль тагынды. Бул тууралуу шаардык балдар жана өспүрүмдөр мектебинен маалымдашты.

Маалыматка караганда, Казакстандын Атбасар шаарында бокс боюнча эл аралык мелдешке катышып, үчүнчү орунга жетишип, коло медаль утуп келди. Казакстандагы мелдеште Бекбол Орусиядан, Өзбекстандан, Финляндиядан, Татарстандан келген мушкерлер менен ат салышып, байгелүү орунду камсыз кылды. Ага удаалаш Каракол шаарында КР эмгек сиӊирген машыктыруучусу Бейшен Сабатаровдун байгеси үчүн өткөн эл аралык мелдеште Монголия, Казакстандан келген жаш мушкерлер менен беттешке чыгып, күмүш медалга татыктуу болду.

Бекбол Мурасбеков Балыкчы шаарындагы №4 гимназия-мектебинде 7-класста окуйт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 673
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×