Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Ысык-Көл

Балыкчыда «Өзүӊдү-өзүӊ сакта» акциясы уюштурулду

Turmush -  Балыкчы шаарында «Өзүӊдү-өзүӊ сакта» акциясы өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Ысык-Көл биосфералык аймагы дирекциясынан билдиришти.

Маалым болгондой, аталган акцияда дирекциянын жамааты, шаар тургундары жана пансионаттардын эс алуучулары көл жээгиндеги желим бөтөлкөлөрдү, полиэтилен баштыктарды жыйнашты. Ошондой эле, элге дирекция тарабынан даярдалган буклеттер таратылды. Бул буклеттер элди желим бөтөлкөлөрдү, полиэтилен баштыктарды аз колдонууга, бара-бара алардан таптакыр баш тартууга, экологиялык таза идиштерди, кагаз баштыктарды колдонууга, ошону менен өзүнүн ден соолугуна кам көрүүгө чакырат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 798
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×