Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-октябрь
68.51    80.77    1.2    KZT 0.21
Ысык-Көл

Балыкчыда «Ыйык көлүбүздү сактайлы» акциясы өттү

Turmush -  Балыкчы шаарында «Ыйык көлүбүздү сактайлы» акциясы өттү.

«Жаштар ордосу» коомунун билдирүүсү боюнча, «Ак жол ынтымагы» коомдук бирикмеси менен биргеликте жыл сайын көл жээгин тазалоо боюнча иш-чараларды өткөрүшөт. Бул ирет «Ыйык көлүбүздү сактайлы» акциясын уюштурушту. Ага коомдун мүчөлөрү, жергиликтүү жаштар жана эс алуучулар дагы катышты. Алар көлдүн жээгин тазалашса, суучулдар көлдүн ичиндеги торлорду жана таштандыларды алып чыгышкан. Акция маданий иш-чаралар, оюндар, концерттик программалар менен коштолду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 630
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×