Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Ысык-Көл

Балыкчыдагы төрөт үйдөгү жаңжал: Эгиздердин бири жок делген арыз боюнча кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы чыкты

Turmush -  Саламаттыкты сактоо министрлигинин комиссиясы Балыкчы шаарындагы ооруканада жүргүзүлгөн кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгын чыгарды.

Комиссия ушул жылдын 28-июнунда Саламаттыкты сактоо министрлигинин буйругунун негизинде түзүлүп, Балыкчы шаарындагы ооруканада кызматтык иликтөө жүргүзүлгөн.

Комиссиянын маалыматына караганда, медициналык документтер изилденип, аталган оорукананын бардык медициналык кызматкерлеринен түшүндүрмөлөр алынган.

Кызматтык иликтөөнүн жүрүшүндө белгилүү болгондой, Балыкчы шаарынын 1981-жылы туулган тургуну Махабат Намазбекова Балыкчынын үй-бүлөлүк медициналык борборуна ушул жылдын 19-январында «16-17 жумалык мөөнөттө кош бойлуу, эгиз. Жатындын эки кыры» диагнозу менен каттоого алынган.

Кош бойлуулук учурунда бейтап Балыкчы шаарындагы аймактык ооруканасынын төрөт бөлүмүндө стационардык дарылануудан өткөн. Бейтап 30 жумалык мөөнөттө кош бойлуулук учурунда 2-майда келип текшерилген учурда диагноздо «эгиз» деп көрсөтүлгөн эмес. Ошондой эле, 4-майда күндөлүк дептерде тышкы текшерүү учурунда экинчи түйүлдүктү так аныктоого мүмкүн болгон эмес. Мындан тышкары. 8-майда бейтаптын медициналык картасында «32 жумалык мөөнөттөгү кош бойлуулук. Эрте төрөт. Жатындын эки кыры. Эгиз?» деген анализ көрсөтүлгөн. Тактап айтканда эгиз делген диагнозго суроо белгиси коюлуп, так эместиги жазылган. Тышкы текшерүүдө эки түйүлдүктү так аныктоо дагы мүмкүн болгон эмес.

Кийин 31-майда 36 жумалык кош бойлуулук мөөнөт менен М.Намазбекова Балыкчы шаардык аймактык ооруканасынын төрөт бөлүмүнө келген. Анда текшерүүдө экинчи түйүлдүк так аныкталган эмес. Экинчи баланын жүрөгүнүн согушу угулган эмес. Мындан улам көп түйүлдүктүү кош бойлуулукту аныктоого мүмкүн болгон УЗИден текшерүүдөн өтүү сунушталган.

Министрликтин комиссиясы белгилегендей, УЗИнин адистери тарабынан балким жаңылыштык бүтүм чыгарылган, себеби эски аппараттар сапаттуу визуалдуу көрүүгө жөндөмдүү эмес, анда ультраүндүү нуру жалпы 18 см гана болгон же болбосо УЗИдеги дарыгердин тажрыйбасыздыгы себеп болгон. Көп түйүлдүктүү кош бойлуулукту өз убагында аныктоо үчүн жок дегенде бир жолу жакшы ооруканадан заманбап жабдыктар менен текшерүүдөн өтүшү керек. Бул учурда башка ооруканада кошумча текшерүү жүргүзүлгөн эмес. Ал эми Балыкчы шаарынын аймактык ооруканасынын адистери тарабынан башка дагы ооруканадан текшерилүү сунушталган эмес. Мындай учурда консилиум методу менен акушер-гинекологдор менен функционалдык диагностикалык текшерүү жүргүзүү керек эле.

Ал эми 6-июнда 37-38 жумалык мөөнөттүү кош бойлуу учурунда операция жолу менен төрөт болгон. Жүлүн мээ анестезия наркоз куюлган. Ошол күнү саат 09:06да бир түйүлдүк алынган, анын салмагы 3250 граммды түзгөн. Түйүлдүктүн жынысы кыз болгон. Операциядан кийин бейтап канааттандырарлык абалда ымыркай менен төрөт үйдөн 1-июнда чыгарылган.

«Кызматтык иликтөөнүн жүрүшүндө УЗИ берген протоколдордун биринде дагы ультраүндүү сканердин архивдеринин изилдөөсүндө болгон жазуулар көрсөтүлгөн эмес», - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, УЗИнин протоколдору бири-бирине карама-каршы келген. Мисалы, 9-10 жана 21 жумалык мөөнөттөгү кош бойлуу учурундагы текшерүүдө бир эле түйүлдүк тууралуу жазылган, ал эми 16-17 жана 22-23- жумалык мөөнөттөгү кош бойлуулук учурунда эгиз экени көрсөтүлг өн.

«Мындан улам ар түрдүү мөөнөттөгү кош бойлуулук учурундагы УЗИнин так көчүрмөсүнүн жоктугуна байланыштуу, төрөткө чейинки текшерүүлөрдөгү жазуулардын бири-бирине карама каршы келишинен улам бир түйүлдүк же көп түйүлдүк кош бойлуулук тууралуу бүтүм чыгаруу мүмкүн эмес. Учурда бул маселе боюнча Балыкчы ШИИБ тергөө иштерин жүргүзүп жатат», - деп билдиришти аталган комиссиядан.

Буга чейин маалымдалгандай, төрөт үйдө болгон жаңжал боюнча эки тарап өз версияларын айтып беришкен.

Эгиздердин бири жок деп арызданган Балыкчы шаарынын тургуну Махабат Намазбекованын айтымында, ал кош бойлуу учурунда курсагында эки бала бар экенин сезген.

«Мен эки эркек баланын энесимин, кыздарым боюмда барында курсагымда эки ымыркай жатканын сезчүмүн. Эненин туюму бар. Ошондой эле, алардын бири курсагымдын бир тарабынан, экинчиси капталынан тепчү. Эми мага бир эле ымыркай төрөлгөнү тууралуу айтып жатышканы таң калыштуу болуп жатат. Кош бойлуу учурумда дагы УЗИден мага түйүлдүк эгиз экенин айтышкан. Мен дагы экөө экенин билчүмүн», - дейт жаш эне.

Ал эми Балыкчы шаардык ооруканасынын төрөт бөлүмүнүн башчысы Тилек Айдаралиева операция жолу менен салмагы 3 кг 250 гр болгон бир кыз төрөлгөнүн билдирүүдө.

«Мен дагы УЗИден эки түйүлдүк экенин көргөм. Ал бизге 31-майда келип түшкөн. Кароо учурунда мен бир эле баланы көргөм жана бир эле жүрөк согуп жатканын уккам. Биз биринчи түйүлдүк экинчинин үстүнө жаткандыктан экинчиси көрүнбөй калышы мүмкүн деп ойлогонбуз. Төрөт бөлүмүнүн бардык дарыгерлери операцияга кылдаттык менен даярданышкан. Бейтапты операция залына киргизип, операция учурунда бир эле кызды алып чыктык, анын салмагы 3 кг 250 граммды түздү. Биз экинчисин алып чыгалы деп, бирок тапкан жокпуз. Менден кийин дагы бир дарыгер карап, экинчиси жок экенин айтты», - дейт ал.

Жаңы төрөлгөн кыздын атасы Данияр Чыбыев эненин курсагында эки түйүлдүк болгону эки жүрөктүн согуп жатканы боюнча УЗИнин жыйынтыктарын көрсөттү.

Буга байланыштуу ал баардыгын ачыктоо максатында президентке, премьер-министрге жана Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылууну пландап жатат.

Буга чейин Данияр Чыбыев жубайы операция жолу менен эки эгиз ымыркай төрөгөнүн жана дарыгерлер бирөөнү жашырып жатканы тууралуу пикирин билдирген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 5977
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×