Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Ысык-Көл

Айыл турмушу: Ысык-көлдүк Ж.Кыргызбаев 42 жылдык өмүрүн медицина тармагына арнады (фото)

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарынын тургуну Жекшенбек Кыргызбаев 42 жылдан бери саламаттыкты сактоо тармагында эмгектенип келет. Аймактык кабарчы дарыгерден кабар алды.

Ж.Кыргызбаев 1975-жылы медициналык окуу жайды бүтүп келгенден кийин Ысык-Көл районунун аймактык ооруканасында эмгек жолун баштаган. Өзү теңир-тоолук болсо дагы Ысык-Көл жергесинде жашап, иштеп калганы менен сыймыктанат. Өмүрүн медицина тармагына арнап, 40 жылдан ашуун убакыттан бери хирург болуп эмгектенип, жаш дарыгерлердин устаты болуп калган. Бир катар бейтаптардын саламаттыгы үчүн кам көргөн хирург жогорку категориядагы дарыгер болсо да кызмат ордун алмаштырган эмес.

«Буга чейин жетекчилик кызматтарга бир катар сунуштар түшкөн. Бирок, өз кесибимди сүйгөндүктөн хирург катары иштегенди оң көрдүм. Бизге бейтаптар кандай абалда келип түшсө да аларды кабыл алып, ооруканадан чыкканга чейин көзөмөлдөп турабыз. Бул бөлүмдө да жаш кадрлар жана медайымдар өз иштерин так аткарышат. Болгону аларды түйшөлткөн маселе — айлык маянанын аздыгы. Бул жердеги дарыгерлер болгону 8 миң сом айлык акы алабыз. Кенже кызматкерлердин иши оор болсо дагы арзыбаган айлык алышат», - деди Ж.Кыргызбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1401
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×