Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Ысык-Көл

Балыкчыда турак үйлөрдө болгон уурулуктун саны өстү

Turmush -  Балыкчы шаарында турак жайларда болгон уурулуктун саны өсүүдө. Бул тууралуу ШИИБден маалымдашты.

Маалыматка караганда, ушул жылдын 5 айында Балыкчы шаарында турак жайларда болгон уурулук фактылары боюнча 16 кылмыш иши козголгон. Анын ичинен 10 кылмыш иши тергелип, 6 кылмыштын бети ачылган.

Мындан тышкары, ушул жылдын 5 айында өспүрүмдөр катышкан 15 кылмыш иши катталган. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2 фактыга көбөйгөн.

«2016-жылдын 5 айында өспүрүмдөр катышкан 13 кылмыш иши катталган», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 588
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×