Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Ысык-Көл

Айыл турмушу: Балыкчылык чебер Ж.Тентимишова шырдакчаларды жасап, Алматага экспорттойт (фото)

Turmush -  Балыкчы шаарынын 51 жаштагы тургуну Жумагүл Тентимишова 10 жылдан бери шырдактын кичинекей түрүн жасап сатуу менен алектенет. Чебер менен Turmush басылмасынын кабарчысы таанышты.

Ж.Тентимишова шырдакчаларды 9 көздүү ромашка гүлү кылып даярдап, аларды бириктирет. Аны кадимки шырдактардай эле жасап, кайра шырыйт.

«Шырдак кийизден жасалып, жерге салынуучу үй буюм болуп саналат. Кийизи кылчыксыз жүндөн уютулат. Кылчык жүн боекту жакшы албайт. Ак кийизден керектүү өлчөмдүү шырдактын бөлүктөрү бычылат. Ал түс айкалышына карай ар кыл түскө боелот. Боелгон эки бөлөк түстөгү кийиз өңүнөн биринин үстүнө бири коюлуп, көктөлүп, бетине оюм түшүрүлөт. Түшүрүлгөн оюм боюнча бычак менен кылдат кесилет. Оюлган кийиздер ажыратылып, бир түстүн оюму экинчисине дал келтирилип, кыналыштырып тигилет. Ал жерге оң, сол ийрилип чыйратылган үч кат түстүү үч жиптен, үстү бастырылма милте жөрмөлөт. Ортоңку бөлүгү чети менен кыюу аркылуу бириктирилет. Четине да кыюу салынып, ортоңку бычак учу, четки бычак жана башка деп аталат. Бардыгы бүткөндө кара кийизден ичтелип, шоона менен шырылат. Шоона үчүн көбүнчө төөнүн жүнү пайдаланылат. Четине милтеникиндей үч жиптен жээк бастырылат.

Ал эми мен жасаган шырдакчалар белекке берүүгө ыңгайлуу. Бир шырдакчанын узуну жана туурасы 1 метр 10 сантиметрден болот. Ал 3 күндө даяр болуп, баасы 5 миң сомду түзөт. Даярдалган шырдакчаларды көргөзмөлөргө коюп, Алматага сатыкка чыгарам. Мен бул өнөрдү апамдан үйрөнгөм жана шырдак жасоону кыздарыма дагы үйрөтүп жатам», - деди чебер Ж.Тентимишова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1260
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×