Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-июль
Ысык-Көл

Балыкчы шаардык ооруканасынын гемодиализ бөлүмү 10 адамга кызмат көрсөтүүдө (фото)

Turmush -  Балыкчы шаардык ооруканасынын гемодиализ бөлүмү 10 адамга кызмат көрсөтүүдө.

Оорукананын директору Т.Жумагазиеванын маалыматына караганда, гемодиализ бөлүмү өзүнүн толук кандуу ишин ушул жылдын 1-июнунда баштаган.

«Бөлүмдө учурда 2 дарыгер жана 3 медициналык кызматкер иштейт. Дагы бир дарыгерди окутуп, даярдап жатабыз жана ал 15-июлдан тарта өз ишине киришет. Мындан тышкары, инженер адис бар, ал техникалык бөлүмдү көзөмөлдөп, медициналык жабдуулардын иштешин карайт», - деди ал.

Балыкчы шаардык мэриясынын колдоосу менен гемодиализ бөлүмү генератор жана эки стабилизатор менен жабдылган.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1109
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×