Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-октябрь
68.51    80.77    1.2    KZT 0.21
Ысык-Көл

Балыкчыдагы төрөт үйдөгү жаңжал: Эгиздердин бири жок деген эненин жана дарыгердин версиясы (фото)

Turmush -  Балыкчы шаарындагы төрөт үйүндө болгон жаңжал боюнча эки тарап өз версияларын айтып беришти.

Эгиздердин бири жок деп арызданган Балыкчы шаарынын тургуну Махабат Намазбекованын айтымында, ал кош бойлуу учурунда курсагында эки бала бар экенин сезген.

«Мен эки эркек баланын энесимин, кыздарым боюмда барында курсагымда эки ымыркай жатканын сезчүмүн. Эненин туюму бар. Ошондой эле, алардын бири курсагымдын бир тарабынан, экинчиси капталынан тепчү. Эми мага бир эле ымыркай төрөлгөнү тууралуу айтып жатышканы таң калыштуу болуп жатат. Кош бойлуу учурумда дагы УЗИден мага түйүлдүк эгиз экенин айтышкан. Мен дагы экөө экенин билчүмүн», - дейт жаш эне.

Ал эми Балыкчы шаардык ооруканасынын төрөт бөлүмүнүн башчысы Тилек Айдаралиева операция жолу менен салмагы 3 кг 250 гр болгон бир кыз төрөлгөнүн билдирүүдө.

«Мен дагы УЗИден эки түйүлдүк экенин көргөм. Ал бизге 31-майда келип түшкөн. Кароо учурунда мен бир эле баланы көргөм жана бир эле жүрөк согуп жатканын уккам. Биз биринчи түйүлдүк экинчинин үстүнө жаткандыктан экинчиси көрүнбөй калышы мүмкүн деп ойлогонбуз. Төрөт бөлүмүнүн бардык дарыгерлери операцияга кылдаттык менен даярданышкан. Бейтапты операция залына киргизип, операция учурунда бир эле кызды алып чыктык, анын салмагы 3 кг 250 граммды түздү. Биз экинчисин алып чыгалы деп, бирок тапкан жокпуз. Менден кийин дагы бир дарыгер карап, экинчиси жок экенин айтты», - дейт ал.

Жаңы төрөлгөн кыздын атасы Данияр Чыбыев эненин курсагында эки түйүлдүк болгону эки жүрөктүн согуп жатканы боюнча УЗИнин жыйынтыктарын көрсөттү.

Буга байланыштуу ал баардыгын ачыктоо максатында президентке, премьер-министрге жана Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылууну пландап жатат. 

Буга чейин Данияр Чыбыев жубайы операция жолу менен эки эгиз ымыркай төрөгөнүн жана дарыгерлер бирөөнү жашырып жатканы тууралуу пикирин билдирген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 10098
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×