Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Ысык-Көл

Балыкчы токой чарбасы 30 гектарга терек отургузат

Turmush -  Балыкчы токой чарбасы Сары-Булак тилкесинде 30 гектар жерди өздөштүрүүнү максат кылууда. Бул тууралуу Балыкчы токой чарбасынан маалымдашты.

Маалыматка караганда, токой чарба аларга тиешелүү Сары-Булак тилкесинин аймагын өздөштүрүү боюнча ири долбоорду ишке ашырууну максат кылышууда.

«Долбоорду ишке ашырууда аймактагы каналдан суу жеткирилип, 30 гектар жер аянты өздөштүрүлүп, ага теректин 32 миӊ даана көчөттөрү отургузулат. Мындан тышкары, ушул долбоордун алкагында атайын питомниктерге карагай, тал, ак кайыӊдын көчөттөрү отургузулмакчы», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 610
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×