Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-октябрь
68.51    80.77    1.2    KZT 0.21
Ысык-Көл

Балыкчыда жаңы скважина ишке берилди (фото)

Turmush -  Балыкчы шаарындагы Кумтөр кичи районунда 119 метр тереңдиктен суу соруп чыгарган скважина ишке берилди. Бул тууралуу «Суу түтүк» ишканасынын жетекчиси Таалай Мамбеталиев билдирди.

Анын айтымында, скважина бир саатта 100 метр куб сууну жер алдынан соруп чыгара алат.

«Кичи райондо учурда 15 түтүн эл жашайт. Жалпы жер тилкеси 70 кишиге берилген. Скважина баарын суу менен камсыздай алат. Суу таза, баардык талаптарга жооп берет. Скважина сыноолордон өткөндөн кийин пайдаланууга берилди», - деди ал.

Ал белгилегендей, скважина «Ысык-Көлдү туруктуу өнүктүрүү» долбоору тарабынан курулду.

«Аталган долбоордун биринчи фазасын жыйынтыктап жатабыз. Балыкчы менен Чолпон-Атага бирден жаңы скважина курдук. Ошондой эле, 10го жакын скважинаны ондоп, калыбына келтирдик», - дейт долбоор жетекчиси С.Өмүрканов.

 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 669
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×