Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Ысык-Көл

Балыкчыдагы төрөт үйдөгү жаңжал: Ата-эне эки эгиздин бири уурдалганын айтса, дарыгерлер аны четке кагууда (толугу менен)

Turmush -  Балыкчы шаарынын жашоочусу Данияр жубайы операция жолу менен эки эгиз ымыркай төрөгөнүн жана дарыгерлер бирөөнү жашырып жатканын айтууда.

Даниярдын айтымында, аялы кош бойлуу болгондон бери дарыгерлер эгиз бала төрөлөрүн айтып келишкен.

«Балыкчы шаарында УЗИден 7 жолу, Бишкек шаарында да УЗИ-доплерден өткөнбүз. Бишкектеги дарыгерлер доплер менен аялымдын курсагында жаткан кыздарымды көрсөтүшкөн. Алардын эки бөлөк жатканын, колу-буттарын жана жүрөктөрүнүн согуп жатканын өз көзүм менен көргөм. Биз УЗИ-доплерге түшкөндө түйүлдүк 5 айлык болчу. Ошондо бизге алардын салмагы 500 мг экендигин айтышкан», - дейт Балыкчы шаарынын тургуну.

Андан кийин жубайлар Балыкчы шаарына келишкен. Даниярдын аялын 2-майда ооруканага жаткырышкан. Ошондо дагы бир жолу УЗИге түшүрүшкөн. 31-майда Махабатты ооруканага жаткырып, 1-июнда операция жолу менен төрөй турганын айтышкан. Бирок, толгоо 6-июнда башталган.

«31-майдан 4-июнга чейин ооруканадан аялыма дарыгерлер укол сайышкан. Бирок, алар операция 1-июнда боло турганын айтышкан. Мен алар баланы бере турган адам менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн деп күмөн санап жатам. 6-июнда саат 07:00дө бөлүмдүн башчысы баарын чогулушка чакырып кирип кетти. Саат 08:30да Махабатты операциялык залга киргизип кетишти. Буга чейин дарыгерлер мени төрөткө киргизебиз, азыркы метод боюнча баланы төшүмө жаткырабыз деп айтып жатышкан. Биз төрөткө чейин даярданып, эгиздерге окшош кийимдерди даярдап койгонбуз. Бирок, ошол күнү мени өзүнчө бөлмөгө жаткырып, төрөлгөндөн кийин бир эле кызымды алып келишип, бирөө эле төрөлгөнүн айтышты. Кызымды алып келишкенде ыйлаган жок, педиатр келип кызымды көргөндөн кийин ал кыйкырып жиберди, Андан кийин менин төшүмө жаткырышты. Мен 2 саат жаттым. Кызым саат 09:06да төрөлдү, бул убакта кайненем жана кайнежем келди. Алар эмне үчүн бир гана ымыркай төрөлгөнүн сурап, нааразы болуп жатышыптыр. Кайненемдин айтымында, алар төрөт залга барышканда жарандык кийимчен чоочун 3 аял отурган. Алар ымыркайдын үнүн угушкан, биздин туугандар эшикти ачканда медициналык кызматкерлер эшикти жаап, кирүүгө тыюу салышкан», - деди Данияр.

Даниярдын аялын жана кызын ооруканадан 12-июнда чыгарышкан. Эки күн өткөндөн кийин оорукананын директорунун орун басары, бөлүмдүн башчысы, төрөт бөлүмүнүн мурунку башчысы жана УЗИ кызматкери алардын үйүнө барып, бир эле кыз төрөлгөнүн айтып кетишкен.

Данияр менен Махабаттын эки уулу бар. Алар дагы Балыкчы шаардык ооруканасында төрөлүшкөн.

«Улуу балам 12 жашта, кийинкиси үчтө. Экинчи уулум төрөлгөндө дарыгерлер бизден акча алышкан. Ошол эле анестезиолог 1800 сом алган. Бул жолу бир дагы дарыгер келип акча сураган жок, бул дагы күмөн ойду жаратат. Менин аялымдан тышкары дарыгерлер ошол күнү 7 аялды операция жолу төрөтүшүптүр, алардын ар биринен 7 миң сомдон алышкан экен», - деди ал.

Бул окуядан кийин Данияр Бишкектеги УЗИ дарыгерлер менен байланышкан.

«8 УЗИде тең эки түйүлдүк көрсөткөндүгүн айтышты. Бишкектеги УЗИ дарыгерлерге телефон чалып, алар жаңылышып калышы мүмкүнбү деп сурадым. Алар мындай учурду биринчи жолу угуп жатышканын жана мындай окуя 15 жылдан бери биринчи жолу болуп жатканын айтышты», - деди Данияр.

Аталган факты боюнча Данияр Балыкчы шаарындагы прокуратурага 14-июнда кайрылган. Ошондой эле, ал Саламаттыкты сактоо министрлигине кат жазган. Аталган ведомстводон бул фактыны текшерүү үчүн атайын комиссия жиберилери айтылган. Бирок, комиссия азыркы күнгө чейин келе элек.

Аталган окуя боюнча Балыкчы шаардык ооруканасынын төрөт бөлүмүнүн башчысы Тилек Айдаралиева да Turmush басылмасынына комментарий берди. Т.Айдаралиеванын айтымында, М.Намазалиева 3-жолу операция жолу менен көз жарды.

«Кош бойлуу 30-майда бизге келген. Балдары эгиз экенин билдирди. Мен курсагы кичинекей экенин дароо айткам. Эгиз балдар аман-эсен төрөлүшү үчүн Каракол же Бишкек шаарына бар дедим. Бирок, ал мурунку балдарын дагы ушул жерден төрөгөндүгүн айтып, айтканыма көнбөй койду. Акырында жетекчиге кирип, мага жана кош бойлуулардын патология бөлүмүнүн башчысы Ш.Буржиева экөөбүзгө ишенем деп тил кат жазып берди. Ошентип, аны 6-июнда саат 09:02де операцияга киргиздик. Саат 09:08де баласын алдык. Кыз 3 кг 250 грамм болуп төрөлдү. Операция саат 09:50 толук аяктады», - дейт Т.Айдаралиева.

Анын айтымында, операцияга 11 адам катышкан.

«Операцияга 2 хирург, 1 реаниматолог, анестезиолог, медайым, операцияга катышкан медайым, санитардык кызматкер, ассистент, хирург ординатор, операциялык блоктун стажеру, практика өтөп жүргөн 3 студент жана баланы алууга 2 акушер катышкан. Эгер баланы уурдай турган болсом ошончо адамды операцияга киргиземби? Мен биздин дарыгерлердин чогулушунда да, операция учурунда бейтаптарды жакшы карайлы, баарыбыз жардам берели деп айткам. Операция учурунда бейтап уктаган эмес. Коңшу бөлмөдө жолдошу бар болчу. Эшиктин алдында туугандары дагы турган. Ошончо элдин көзүнчө баласын кантип уурдайм? Анын айткандары жалган. Бул мени жөн гана каралоо деп эсептейм, анын аялы бир гана кыз төрөгөн», - дейт дарыгер.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2240
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×