Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-октябрь
68.51    80.77    1.2    KZT 0.21
Ысык-Көл

Балыкчыдагы гемодиализ борборуна 8 миӊ долларга кубаттуу генератор алынды

Turmush -  Балыкчы шаарындагы гемодиализ борбору үчүн 8 миӊ долларга кубаттуу генератор сатып алынды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, шаардык мэрия тарабынан гемодиализ борбору үчүн дизелдик генератор сатып алууга каражат топтоо демилгеси көтөрүлгөн.

«Шаардыктар ден соолукту коргоо маселесине кайдыгер эмес экенин дагы бир жолу далилдешти. Ушул максатта атайын ачылган эсепке айрым жамааттар өздөрүнүн бир күндүк эмгек акыларын которушса, ишкер адамдар накталай акчаларын беришти. Жыйынтыгында аталган борбор үчүн наркы 8 миӊ долларга генератор сатып алынып, гемодиализ борборуна берилди», - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин маалымдалгандай, ушул жылдын 10-мартында гемодиализ борборунун салтанаттуу ачылышы болгон. Борбордун курулушуна Балыкчы шаарынын тургуну, жеке ишкер Мирлан Исагалиев 10 млн сом которгон.

М.Исагалиев билдиргендей, борборду ал ата-энесинин урматына курууну чечкен. Жаңы борбордо 5 гемодиализ аппараты, сууну тазалоочу система, 5 сыналгы, муздаткычтар орнотулган.

Балыкчы шаардык ооруканасынын башкы дарыгеринин айтымында, шаар боюнча гемодиализге муктаж 18 адам бар. Борбор эми жакынкы райондордун тургундарына да жардам көрсөтө алат. Уролог дарыгерлер бир айлык окуудан өтүп, эки дарыгер жана беш медайым иштеп жатат.

Гемодиализ борборун куруп, мамлекетке өткөрүп берген ишкер Мирлан Исагалиевдин маеги бул шилтемеде.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 583
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×