Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-октябрь
68.51    80.77    1.2    KZT 0.21
Ысык-Көл

Эл ичи — өнөр кенчи: Ырчылык — менин кесибим, жан дүйнөм жана бүтүндөй жашоом, - Н.Байзакова (видео, фото)

Turmush -  Белгилүү ырчы Назми Байзакованын чыгармачылыкка аралашуусуна анын чоң таякеси Курмангалый Бодобаев түрткү болгон. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Жетиген айылына келин болуп барган ырчы 1978-жылы 20-мартта Балыкчы шаарында төрөлгөн.

Ал үй-бүлөдө 4 бир тууган, 2 агасы жана 1 иниси бар. Орто мектепти Балыкчы шаарында 1995-жылы аяктап, 1996-жылы М.Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайынын эстрада жана вокал бөлүмүнө кабыл алынып, 4 жыл билим алган. 2003-жылы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын юридикалык факультетинин сырттан окуу бөлүмүндө окуган.

«Атамдын көзү өтүп кеткенине 7 жылдын жүзү болду. Апам Тоту Бодобаева 63 жашта. Мага талант тайларым жактан келсе керек, алар тарапта ырчы, чоорчулар бар. Бирок, үй-бүлөдө менден башка чыгармачыл инсан болгон жок. Балалык кезде улуу агам Марат менен гитара сатып алып бирге үйрөндүк. Балыкчыдагы маданият үйүнүн музыкалык бөлүмүнүн жетекчиси топ түзгөн. Анда мен дагы ырдап жүрдүм.

Өзүм ыр жазып, ага обон чыгарбайм. Ыр жазуу, обон чыгаруу жана акындык талантым жок. Чоң сахнага 2001-жылы аттангам», - деди Н.Байзакова.

Ырчынын репертуарында 30га жакын ыр бар. Жолдошу Талантбек Чокоев менен бирге 3 кыз, 1 уулду тарбиялап келишет.

«Чыгармачылыкка келишиме чоң таякем түрткү болду. Ал дайыма "качан сыналгыга чыгып ырдайсың?" дей берчү. Анын дем-күчү менен сахнага чыктым десем болот. Ырчылык мен үчүн жөн гана ырдоо эмес. Ал менин кесибим, жан дүйнөм жана бүтүндөй жашоом», - деди ырчы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1345
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×