Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-июль
Ысык-Көл

«Мекендештер»: Түркияда эмгектенген Б.Туратбекова Бишкектен сулуулук салонун ачууга акча топтоп жатат (фото)

Turmush -  Балыкчы шаарынын 22 жаштагы тургуну Бегайым Туратбекова бир жылдан бери Түркиянын Анкара шаарында бала багуучу болуп иштеп жатат. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Балыкчы шаарындагы азыркы Ч.Айтматов атындагы №5 мектеп-лицейди аяктагам. Учурда Түркиянын Анкара шаарында эмгектенип жатам. Түрк эли бизге окшогон меймандос калк экен. Бирок, өнүгүү жагынан алганда айырма абдан чоң.

Бул жерде 1,5 жаштагы баланы багып эмгектенем. 5 күн иштеп, 2 күн бошмун. Алган маянам сыр бойдон калсын. Жумушум жакшы, бардык шарттар түзүлгөн. Эч кандай кыйынчылык көргөн жокмун. Мен баккан баланын ата-энеси күндүз иштешет. Мен алар менен чогуу бир үйдө турам. Алар өтө сылык жана кичипейил адамдар.

Түркиядан акча топтоп, Кыргызстандан сулуулук салонун ачсам деген тилегим бар», - деди ал.

Мекендешибиз саякаттаганды жактырат. Буга чейин ал Якутияга барып келген.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1779
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×