Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Ысык-Көл

Балыкчы токой кызматынын 70 жылдыгына карата Сары-Булак участогуна 32 миң терек тигилди (фото)

Turmush -  Балыкчы шаардык токой кызматынын түзүлгөндүгүнүн 70 жылдыгына карата Калмак-Ашуу тоосундагы Сары-Булак участогуна «Жаратылышты жакшыртуунун ыймандуу, адептүү, маданияттуу жолу — дарак отургузуу» деген аталышта бак отургузуу акциясы өткөрүлдү.

Акцияга мекеме-ишканалардын жетекчилери, мектеп окуучулары катышты. Административдик чарба бөлүмүнүн башчысы Ж.Кенжеевдин айтымында, Сары-Булак участогуна 32000 түп теректин көчөтү тигилди.

«Эми «ЭЛР 40» каналы аркылуу сугат суу берилет. Жалпы 60 гектар жерге бак-дарактар отургузулду. Теректер чонойсо жергиликтүү калк курулуш материалдары менен камсыз болот. Көчөттөр атайын өстүрүлүүчү жайда өсөт. Эми тал, ак кайың сыяктуу бак-дарактардын башка түрлөрү да кошулат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1131
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×