Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-октябрь
68.51    80.77    1.2    KZT 0.21
Ысык-Көл

Айыл турмушу: Европадан 77 күлүк алып келген саяпкер К.Дөлөтбаков аламан байгеден 3 автоунаа утту (фото)

Turmush -  Саяпкер Канат Дөлөтбаков 2004-жылдан бери чет мамлекеттерден алып келген күлүктөрдү таптап, мелдештерге катышып келет. Анын күлүктөрү аламан байгеде бир нече жолу биринчиликти алган. К.Дөлөтбаков менен Turmush басылмасынын кабарчысы таанышты.

«2004-жылдан бери күлүк таптап, саяпкерлик кылып жүрөм. Ушул мезгилге чейин көп ат таптадым. Чет мамлекеттерден асыл тукум аттарды сатып келип, аларды таптап, жарыштарга салып жүрдүм. 2015-2017-жылдары Европадан жалпы 77 күлүк сатып келдим.

Көптөгөн мелдештерге катышып, далай баш байгелерди жеӊдим. Мисалы, 2015-жылы Казакстандын Алмата облусундагы Акчий айылында өткөн «Казак хандыгына 550 жыл» мелдешинде автоунаа утуп алдым. 2016-жылы 29-апрелде Чүй облусунун 90 жылдыгына карата өткөн аламан байгеден 1-орунду жеӊип, өлкө президентинин атынан автоунаа, ушул эле жылы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына бир нече күлүктөрүм жарышка чыгып, катары менен 3-орунду ээледим. Курман айтка карата аламан байгеде менин тулпарым 31 км аралыкка жарышка түшүп, 1-орунду жеңип, «БМВ х5» үлгүсүндөгү автоунаа алгам. 2016-жылы Эгемендүүлүк күнүнө карата өткөрүлгөн мелдеште 1 миң 800 метр аралыкта чуркаган күлүгүм 1-орунду камсыздады. 2017-жылы Нооруз майрамындагы ат жарышка 3 тулпарым чыгып, 1-2-3-орунду алышты. Жакында эле Астанада өткөн Expo - 2017 эл аралык жармаңкесиндеги ат жарышта күлүгүм 2 миң 400 метрге чуркап, 2-орун ээледи. Байгеге коюлган 20 миӊ долларды утуп алдык», - деди ал.

Саяпкер үй-бүлөлүү, бир уулдун атасы. Ал Ысык-Көлдөгү Балыкчы шаарында 1986-жылы 24-октябрда төрөлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3716
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×