Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Ысык-Көл

Балыкчыда бир тууган агасын өлтүргөн шектүү 13 жылга камалды

Turmush -  Балыкчы шаарында 46 жаштагы бир тууган агасын сабап өлтүргөн шектүү 13 жылга эркинен ажыратылды. Балыкчы шаарынын прокурорунун ага жардамчысы М.Өскөналиева аймактык кабарчыга билдиргендей, окуя 2016-жылы болгон.

Алгач милиция кызматкерлерине Балыкчы шаарынын тургуну Т.Таалайбек белгисиз адам тарабынан сабалып, оор жаракатынан улам ооруканада каза болгону маалымдалган. Ыкчам иликтөө иштеринин жыйынтыгында каза болгон жарандын бир тууганы Т.К. шектелип кармалган. Ал сурак учурунда күнөөсүн толугу менен мойнуна алган.

Маалым болгондой, Т.К. Балыкчыдагы ата-энесине тиешелүү үйдүн короосунан кечки саат 17:30 чамасында бир тууган агасы менен уруша кетип, бетке эки-үч жолу муштаган. Жабырлануучу жыгылып калганына карабай ур-тепкиге алып, тизелеп алсыз отуруп калган агасынын башына темир түтүк менен эки жолу чабууга жетишкен. Жыгылып калган адамды сарайга сүйрөп барып, сыртынан бекитип, өзү качып кеткен.

Тергөө иштеринин негизинде Балыкчы шаардык соту шектүүнү КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен күнөөлүү деп таап, 13 жылга эркинен ажыратты. Айыпкер жазасын катуу тартиптеги түзөтүү абагында өтөйт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1126
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×