Turmush — Гүлнара Кукеева Балыкчы шаарынын мэринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Маалыматка караганда, Гүлнара Кукеева Мукамбетовна Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 49-беренесинин 1-2-бөлүмдөрүнө ылайык, кызматтык нускамасында белгиленген Балыкчы шаарынын мэринин социалдык саясат боюнча орун басары административдик муниципалдык кызмат ордуна бекитилди.
Буга чейин ал Министрлер кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин Каракол шаарындагы түндүк аймактык өкүлчүлүгүнүн башчысынын орун басары болуп иштеген.
Билими:
- И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде экономист адистигине ээ болгон;
- Кыргыз Республикасынын президентинин алдындагы мамлекеттик башкаруу академиясы мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетин бүтүргөн;
- Кытай Эл Республикасынын Пекин шаарындагы коммерция министрлигине караштуу мамлекеттик административдик институтунун «мамлекеттик башкаруунун негиздери» боюнча билим алган.
Өмүр баяндын уландысын жана башка бардык маалыматтарды окуу үчүн АКИpress'ке катталыңыз...